Бишкекте "милиция кызматкерине бычак сайды" деп шектелген жаран кармалды

Бишкекте "милиция кызматкерине бычак сайды" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 4-январь күнү саат 19:30 чамасында болгон. Анда М.Н. аттуу милиция кызматкери көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө спирт ичимдигин ичип отурушкан белгисиз адамдарды текшерүү үчүн барган. Ошол учурда алардын бири 1966-жылы туулган Ф.А. милицияны бычак менен ичке сайып жиберген.

"Учурда кылмышка шектүү кармалып, Октябрь РИИБине жеткирилди. Ал эми милиция кызматкери ооруканада. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Шектүү Ф.А. мурда психикалык ооруканада каттоодо турганы жана окуя болгон учурда мас абалда болгону аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан