Мындай пикирин Канат Исаевдин кызы Бермет Исаева соттун өкүмү чыккандан кийин SUPER.KG порталына билдирди.
"Атам ак, аны мен эле эмес бүткүл кыргыз эли билет. Атам элдик баатыр, бийлик андан коркуп эле куугунтуктап жатат, бирок ал сынбайт. Атам күнөөсүз эле 12 жылга соттолуп кетти, бирок мен ойлойм ал жакында акталып чыгат", - дейт Бермет Исаева.
Айта кетсек, кечээ, 4-январда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге карата сот өкүмү чыкты. Сот Исаевди күчөтүлгөн тартипте 12 жылга, аны менен кошо айыпталып жаткан Имамадиев жана Эсенбековду да күчөтүлгөн тартипте 10 жылга эркинен ажыратты.
Мындан тышкары дагы айыпталуучулардын төртөөсүнүн үстүнөн козголгон кылмыш иштеринин мөөнөтү эскиргендигине байланыштуу аларга карата ачылган иш токтотулду.
Эскерте кетсек, Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыпталып жаткан.