Америкалык актриса Деми Мур өзүнөн 30 жаш кичүү жигит менен сүйүү мамилесин куруп жүрөт. Бул тууралуу актрисанын жакындарынын билдирүүсүнө таянып чет элдик маалымат булактары жазууда.
Маалыматка ылайык, Мур сүйүү мамилесин курган Ник Жонас аттуу 25 жаштагы жигит анын улуу кызы Румердин досу. Ал музыкант.
Мындан 6 жыл мурун Деми Мур өзүнөн 16 жаш кичүү күйөөсү, актёр Эштон Кутчер менен ажырашкан.
Мур 3 кыздын апасы, анын азыркы жигити Ник Жонас Мур буга чейин турмуш курган 3 күйөөсүнөн тең жаш.