Бишкекте 2017-жылдын 30-декабрында "Университет сулуусу-2017", "Мектеп сулуусу-2017" сулуулар сынагы жана мектеп курагындагы эркек балдар ортосунда өткөн сынак болуп өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына сынактын уюштуруучусу Рысгүл Намазбекова билдирди.
Маалым болгондой, сынактардын жыйынтыгы боюнча студенттер арасындагы сынактан 20 жаштагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенти Нураида Маматалиева, ал эми мектеп окуучуларынын арасынан 16 жаштагы Камила Абдысатарова 1-орунга илинсе, эркектер арасындагы таймашта 16 жаштагы Бекзат Эрнисбеков жеңишке жетишкен.
Белгилүү болгондой, жеңүүчү аталган студент Нураида Маматалиева "World Miss University" эл аралык сулуулар сынагына Кыргыздын атынан катышат. Ал эми мектеп окуучулары Камила менен Бекзат акчалай сыйлыктар менен сыйланышкан.