Ереванда 29 жаштагы Н.Умарова аттуу Кыргыз жараны өз өмүрүн кыюуну көздөп, 2-кабаттан секирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, окуя 3-январь күнү Ереван шаарынын Норк-Мараш районунда болгон. Кырсыктан аман калган Умарова "Тез жардам" аркылуу жакынкы ооруканага жеткирилип, өз өмүрүнө кол салгандыгы тууралуу дарыгерлерге айтып берген. Ал омурткасы жана бутунан жаракат алган.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги окуя учурда такталып жатканын билдирди.