Волейбол боюнча Азиянын аймактык чемпиондугунда Кыргыз курама командасынын атаандаштары аныкталды. Анда Кыргыз волейболчулар 6 курама команда менен кез келет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Азиянын аймактык чемпиондугу Бангладештин Дакка шаарында 14-25-апрель күндөрү өтөт. Азыркы тапта мелдешке катышуу үчүн 7 өлкөнүн курама командасы билдирме таштаган. Алар: Бангладеш, Кыргыз өлкөсү, Мальдив аралдары, Непал, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Ооганстан.
Эске салсак, Кыргыз курама командасы учурда Азиянын "борбордук аймак" чөлкөмүнүн чемпиону. 2017-жылы Кыргыз волейболчулар Мальдив аралдарында өткөн мелдештин финалында Түркмөнстан курамасын 3:1 эсебинде жеңип, чемпиондукту багындырган.