Бишкекте азык-түлүк саткан дүкөн тонолду. 4 саат мурда чакырылган милиция келе элек

Бишкектеги Абай көчөсүндө жайгашкан азык-түлүк дүкөнү тонолду. Бул тууралуу дүкөндүн ээси Гүлкайыр Бабаева SUPER.KG порталына билдирди.

"Мен 4-январь күнү саат 22:00 чамасында дүкөндү жаап үйүмө кеткем. Эртең менен саат 8де келип товарлардын уурдалганына күбө болдум. Тамеки, кофе, шоколад жана башка азык-түлүктөрдү кошуп жалпысынан 50 миң сомдон ашык товар жок. Өткөн жылдын ноябрь айында да уурулар тоноого аракет кылып, ичине кире албай коюшуптур. Милиция чакырсак 4 сааттан бери келбей жатат. Айланада башка имараттардын видеокөзөмөлдөрү бар. Бирок алар милициянын уруксаты менен гана көрсөтүшөт экен. Биз тартип сакчыларына коопсуздугубузду коргойт деп ишенсек, алардын кылган жоругу ушундай. Бул дүкөндү үй-бүлөм менен 1 жылдан бери ижарага алып иштетебиз. Эми уурулар табылабы билбейм", - дейт Бабаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
gute
2018-01-05 12:03:14
Точна 50 мин сомдук товар жоголуптурбу?
Биздикилер мындай убакта устуно дагы эки эсе кошуп жиберчу эле чыгымдарын
-7
OMURBEK.
2018-01-05 12:13:14
gute,
Сенде жоголсо деле кошот Элен да
+2
Akjolmaga
2018-01-05 12:40:57
gute, сен каерде болбосун бузуку сөзүңдү айтып жүрөсүң
0
Nargiza1987k
2018-01-05 16:48:12
gute,ушу сен эмессинби ууру чета ишенбей жатасын
0
Batma08
2018-01-05 12:15:02
Табылыпкалса 100 мин кылып толоп бер уурдаганын учун деседа болот
-1
Tynybek1989
2018-01-05 12:28:47
Жаман болуптур.байкуш ошо магазин аркылуу уй булосун багып жаткандыр.А бирок тамеки арак сатпайле койгулачы.Ууру табылып оз жазасын алсын.дагы жакшы 50 000 товарды алыптыр,баарын жуктоп кеткендечи
+4
Real.88
2018-01-05 13:18:02
Биздин коргоочулар мындайда озунун чонтогун ойлоп, шашбай чойулат го.Ууруну таап канча алып ишти басты-басты кылсам экен деп калат.
Элди ойлогону аз.
+3
Zainidin96
2018-01-06 00:24:25
Real.88,туура айтасын созуно 100℅ кошулам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан