Чүйдө эки аялдын өлүмүнө шектелип кармалган 6 адамдын бири 23 жаштагы Владислав К. таэквондо боюнча өспүрүмдөр арасында Дүйнө чемпиону болгон. Бул тууралуу Кыргыз мамлекетиндеги Таэквондо федерациясынын президенти Виталий Олейниченко бүгүн, 5-январда SUPER.KG'ге билдирди.
Анын айтымында, Владислав К. 2010-жылдан бери спорт менен машыгып, ар дайым түз жолдо жүргөн.
"Ооба, бул бала биздин спортчу болгон. 2010-жылдан бери бизде машыгып келет. 2015-жылы Италияда таэквондо боюнча өспүрүмдөр арасында өткөн мелдеште Дүйнө чемпиону болгон. Бир жылдан кийин Германияда күмүш медалга ээ болгон. Ал 7 жыл менин көз алдымда жүрдү. Эч кандай жаман жолго барган эмес, түз жүрчү, машыгууга такай келип турган", - деди Олейниченко.
Владиславдын атасы Павел Владислав уулунун кылмыш ишине катыштыгы жок экендигин билдирүүдө.
Анын айтымында, кылмыш иши катталган учурда уулу Москва районунда эмес, Бишкек шаарында болгон. "Жаңы жылдык майрамды белгилөө үчүн уулум ошол учурда достору менен бирге Бишкекте болгон. Москва районуна барган эмес. Муну 50дөй адам далилдеп бере алат", - деди Павел Владислав.
Белгилей кетсек, 31-декабрдан 1-январга караган түнү белгисиз адамдар Москва районундагы үйлөрдүн бирине кирип барып, үй ээсинин өзүнө, апасына жана келинчегине ок чыгарышкан. Алган жаракатынан улам апасы менен келинчеги окуя болгон жерден каза болгон, өзү оор абалда ооруканага жаткырылган. Кылмыш ишине шектүү катары алгач 3 адам, андан кийин дагы 3 адам кармалган. Факты боюнча кылмыш иши ачылып, кармалгандар убактылуу кармоочу жайына камакка алынышкан.