Каталония Испаниядан бөлүнүп, эгемендүүлүк алса Лионель Месси "Барселона" футболдук клубунан бекер кетет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдайт.
Маалыматка караганда, Каталонияда туруксуздук абал орун алганга байланыштуу футболчу менен клубдун ортосундагы түзүлгөн жаңы келишимде тараптар Мессинин кете турган шарттарын макулдашкан.
"Эгерде Каталония Испаниядан бөлүнүп жана "Барселона" клубу Испания, Франция, Англия жана Германия лигаларында ойнобой калса Месси башка клубга бекер өтөт", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, 2017-жылдын ноябрь айында Лионель Месси каталондук клуб менен жаңы келишим түзүп, эң көп маяна ала турган футболчусу болгон. Ошондой эле Мессини келишим бүткөнчө сатып алуу 700 миллион еврого бааланган.