Футзал боюнча Кыргыз курама командасы Тайбэйде өтө турган Азия чемпиондугуна даярдык көрө баштады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан билдирди.
Маалыматка караганда, Кыргыз курама командасы 7-январга чейин Бишкек шаарындагы "Алай" спорткомплексинде жана Кыргыз улуттук ден соолукту чыңдоо жана спорт академиясынын имаратында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүп, 8-январдан баштап 13-январга чейин Чолпон-Ата шаарындагы ден соолукту чыңдоо жана спорт комплексинде машыгууну улантат.
Эске салсак, Футзал боюнча Азия чемпиондугунун финалдык этабы 2018-жылы 1-11-февраль аралыгында кытайлык Тайбэйде өтөт. Анда, Кыргыз курама командасы "D" тайпасына жайгашып, Таиланд, Ливан жана Иордания курама командалары менен беттешет.
Кыргыз курама командасынын тизмеси:
Дарбазачылар: Кирилл Ермолов, Виталий Зубарев, Актилек Эсеналиев.
Коргоочулар: Манас Абдрасул уулу, Улан Байгазы уулу, Адилет Иманбеков, Дастан Рысбеков, Келкел Анарбеков, Акылбек Анарбек уулу, Актай Таштанов , Мирлан Жолдубаев.
Чабуулчулар: Эмил Канетов, Улан Батырбек уулу, Юлдашбай Салимбаев, Келечек Касымов, Арстанбек Турсунов, Эркин Максатов, Маматзия Жолдошев.