Аламүдүн районунда мал уурулукка шектелген жаран кармалды

Аламүдүн районунда мал уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын 30-декабрь күнү Аламүдүн РИИБине Кой-Таш айылынын 60 жаштагы Т.С. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал 29-декабрь күнү белгисиз адам сарайында байланып урган уюн уурдап кеткенин айткан.

"Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 40 жаштагы Т.Т. кармалды. Учурда ал Бишкектеги №1-СИЗОго камалып, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tular
2018-01-06 17:48:38
Буга чейин да уурдалып, бирок колго тушкон. Ал жаш бала болчу, бирок милиция кызматкери ал ууру баланы эмнегедир кое берип жиберишиптир... Болгондо да портерге жуктоордо колго тушкон. Далил болсо да эркиндикте журот.
0
tular
2018-01-06 17:50:24
tular, Супер Инфонун админи, ушул боюнча да териштирип сурап корунузчу...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан