Сузакта үй ээсин өлтүрүп, аялын, кызын жарадар кылып качып кеткен деген шек менен 22 жаштагы жаран кармалды

Сузакта үй ээсин өлтүрүп, аялын, кызын жарадар кылып качып кеткен деген шек менен жаш жигит кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

"2017-жылдын 30-декабрына караган түнү саат 4 чамасында Сузак РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Ырыс айыл аймагынын Күмүш-Азиз айылындагы үйлөрдүн бирине белгисиз адам кирип, үйдүн жашоочуларын токмоктоп, ден соолугуна жаракат келтирип, качып кеткен деген кабар түшкөн”, - дейт маалымат катчы.

Сузак РИИБинин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган. Ошол учурда кылмышкер үйдүн ээси 1956-жылы туулган С.Тны, аялы 1964-жылы туулган С.Хны жана кызы 2002-жылы туулган С.Мны темирден жасалган мык сууругуч жана күрөк менен бети-башына, денелерине уруп, үйүнүн ичинен баалуу буюмдарды издеп чачып, таба албагандыктан окуя болгон жерден качып кеткендиги аныкталган. Үй ээлери денелеринен оор жаракат алышып, Сузак аймактык оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми 3-январда жабырлануучу, үйдүн ээси С.Т. алган жаракатынан улам эсине келбей ооруканада каза болгон.

Милиция окуя болгон жерге кароо жүргүзүп, далил буюмдарды алып тийиштүү экспертизаларды дайындаган. Бул окуя боюнча каракчылык беренеси менен кылмыш иши козголуп, Жалал-Абад ОИИБинин Криминалдык милиция кызматы жана Сузак РИИБинин кызматкерлери тарабынан ыкчам тергөө тобу түзүлгөн. Кылмыштын бетин ачуу жана кылмышкерди кармоо максатында ыкчам-иликтөө, издөө иштеринин натыйжасында, 4-январь күнү Сузак районунун Кайрагач айылынын тургуну, 1995-жылы туулган Б.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө убагында кылмышка шектүү буга чейин жабырлануучу аял менен анын ортосунда карыздан калган акча каражатынан чыккан чыр-чатак болуп келгенин билдирген. Муну менен катар кылмышка шектүүнүн жакынкы аймактагы мурда катталган 4 уурулук фактыларына катыштыгы бардыгы далилденген. Ошондой эле бул атуулдун мындан башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу боюнча да ыкчам-тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Dembele84
2018-01-06 11:58:55
Жакшы териштирип кунолууну камагыла.Жон эле жерден айыбы жок жаш жигит кетпесин.Уруп тепкилеп баарын мойнуна асып койчу адаты бар эле милициянын.Куноосу толук такталса,жазасын толук алсын мындай канкорлор!
+6
Suzak12
2018-01-06 22:17:31
Dembele84,туура эгер куоосу болсо катуу жаза берилсин
0
Too-tash
2018-01-06 16:03:08
Менимче маркумдун аялы тиги жигитке акча карыз окшойт... Мен ошондой тушундум... Адатта акча карызы бар адам эмес, карызга акча берген адам барып карызын доолайт... Колундан келгениникыл десе, жаш бала мына силерге деп сабап салган окшойт....
-1
Matahara1980
2018-01-06 17:39:17
Too-tash, Жаш баланы торт жолу уурулука катышкан деп туратко
+1
Ka2sr1
2018-01-06 19:08:35
Азыр кылмыштын бетин бат эле ачышат. Техниканын онугушу менен баары жонокой болуп баратат.
+1
nuri1
2018-01-06 19:54:05
Дуйнодо эч бир мамлекет кылмышты токтото алган эмес. Кылмыш биринин артынан бири боло беруучу мыйзам ченемдуу корунуш. Эн башкысы ар бир адам коопсуздук учун сак журсо болот. Буга дин же саясий коз караштын кереги жок.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан