Жалал-Абад шаарында 15тен ашуун турак жайга уурулукка кирип, үй ээлерине 600 миң сомдон ашуун зыян келтирген деп шектелип 22 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2017-жылдын күз айларында Жалал-Абад шаарынын Спутник, Достук жана Курманбек кичи райондорунда жайгашкан турак жайлардын ээлеринен үйлөрүнө ууру киргени тууралуу байма-бай арыздар түшө баштаган. Аталган кылмыштарга шектелип Ноокен районунун Масы айылынын 22 жаштагы Б.М. аттуу тургуну кармалган.
"Шектүү 15 турак жайга кирип уурулук кылганын моюнуна алып, көрсөтмө берген. Ал уурдап алган буюмдарын саткан жерлерди көрсөтүп, 10 телевизор, 2 электр, газ плита, 2 кир жуучу машина, 4 килем, 3 электр меши, идиш-аяктар жана башка үй тиричилик буюмдары ээлерине кайтарылып берилди. Андан сырткары Сузак, Базар-Коргон райондорунда да бир катар үйлөргө кирип уурулук кылганы тууралуу да көрсөтмө берди, учурда иликтөө иштери уланып жатат. Башка да уурулук фактыларына тиешеси бар же жогу текшерилип жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.