Эки Кыргыз жаранынын өмүрүн алган Новосибирсктеги өрт чыккан бут кийим тиккен цех мыйзамсыз иштеген

Жалпысынан 10 адамдын өмүрүн алган Новосибирск облусуна караштуу Искитим районунда өрт чыккан бут кийим тиккен цех мыйзамсыз иштеген. Маалыматты РИА новости агенттиги Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык башкармалыгынын билдирген маалыматына таянып жазды.

"Бул имарат тиешелүү талаптарды аткарбай туруп ишкерчиликти баштаган. Муну менен алар мыйзамды бузган. Имаратта бут кийимдер тигилген", - деп билдирген ӨКМнын аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары Алексей Брызгалов.

Ошондой эле ал цехте каза болгондордун айрымдары андан чыккан өрттү өз алдынча өчүрүү аракеттеринен улам көз жумушу мүмкүн экендигин кошумчалаган. Мындан тышкары имаратта тез күйүүчү каражаттар көп болгондугу белгиленген.

Эске салсак, 4-январда Новосибирск облусуна караштуу Искитим районунда саат 9:00 чамаларында бут кийим тиккен цехтен өрт чыгып, Кыргыз өлкөсүнүн эки, Орусиянын бир, Кытай Эл Республикасынын жети жараны каза болгону кабарланган. Алар бут кийим тиккен цехтин жумушчулары болушкан. Кийин Орусиянын мыйзамдарына ылайык кылмыш иши козголгон.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги каза болгон 2 Кыргыз жаранынын аты-жөнү такталгандыгын билдирген. Дагы бир Кыргыз жараны өрттөн жабыркаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Too-tash
2018-01-06 15:58:01
Кор тиричилик да... Россияда иштеген кыргыздардын 90%ти жумуш келишими (трудовой договор) жок иштешет, фальшивый трудовой договор жасатып алып...

Жумуш беруучулор салыктан качып, жумушчулан менен эмгек келишимин тузбогону учун жумушчу эмес, жумуш беруучулор жазаланышы керек эле, реалдуулукта баягы эле байкуш мигранттарды куноолуу кылат копкон орус бийлиги...

Демек каза болгон 2 кыргыз жаранына орус бийлиги компенсация толоодон качууда...
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан