Бишкекте Мерседес Бенц G-400 үлгүсүндөгү унаасына жасалма номур тагып алып, айдап жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1986-жылы туулган К.К. аттуу айдоочу машинасына B 0001 W мамлекеттик номерин тагып алып айдап жүргөн. Бирок ал номур башка унаага катталганы аныкталып, айдоочуга административдик протокол түзүлүп, топтолгон материалдар сотко өткөрүлүп берилди.
Буга чейин интернет колдонуучулар арасында B 0001 W мамлекеттик номурунун эки башка машинада тагылып жүргөнү катуу талкууга алынган болчу.