Таң каларлык мүнөздөгү жаш кыз менен улгайып калган курактагы жалгыз жашаган эркек киши жөнүндө тартылган кыргыз фильм азырынча коомчулукка көрсөтүлө элек.
Фильмде кызды улгайган киши кыштактын четиндеги көчөдөн жаракат алып, жардамга муктаж болуп турган кезинде таап, ага камкордук көрсөтө баштайт. Бара-бара ал кишиде кызга болгон махабат сезимдери пайда болот.
Бул фильм "Түнкү кырсык" деп аталып анын режиссёру Темир Бирназаров. Тасманын бет ачары Эстонияда өтүп, Таллиндеги "Караңгы түндөр" кинофестивалында баш байгени жеңип алган.
Дал ушул фильм 2-сапарына чыгуу алдында турат. Тактап айтканда, 12-январдан 20-январга чейин Бангладештин Дакка шаарында өтө турган XVI эл аралык кинофестивалга катышат. Бул тууралуу маалыматты Кыргыз Кинематография департаментинен кабарлашып, Бирназаровдун тасмасы фестивалдын негизги сынактык программасына киргенин белгилешти.
Сынакка фестивалдын уюштуруучусу тарабынан "Түнкү кырсыктан" тышкары "Жылдын мыкты түрк тасмасы" наамына ээ болгон "Көбүрөөк" фильми, Ирандын бир катар тасмалары, Ооганстандын "Президентке кат", индиялык "Сүйүү жана Шукла" жана башка ийгиликтүү эмгектер тандалган.
"Мыкты фильм, мыкты көрүүчү, мыкты коомдоштук" деген ураан менен өткөн фестивалдын алкагында Азиядагы киносынчылардын Биринчи Ассамблеясы уюштурулат. Аны Кинопрессанын эл аралык федерациясы уюштурат. Федерациянын Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлү Гүлбара Төлөмүшова да фестивалга калыс катары катышат.
Айта кетсек, "Кыргызфильм" тарабынан каржыланган "Түнкү кырсык" тасмасынын узактыгы 1 саат 30 мүнөт. Ал 2017-жылы тартылган.