Ырчы Гүлжигит Сатыбековго "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамы тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда SUPER.KG порталына ырчы мырза өзү билдирди.
"Наамды 4-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тапшырды. Кубанычтамын. Чыгармачылыгыма дагы да стимул болду. Ошол эле учурда жоопкерчилик мурункудан да өсөрүн сезип турам. Учурдан пайдаланып мурунку президентибиз Алмазбек Атамбаевге жана мени колдогон күйөрмандарыма ыраазычылык билдирем", - деди Сатыбеков.
Ошондой эле ырчы наамды алгандан кийин эле Москвада өзүнүн жеке концертин өткөргөнүн белгилеп өттү.
Эске салсак, өткөн жылдын 30-августунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгына карата өлкөнүн социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык жактан өнүгүшүнө салым кошкон бир катар инсандарды сыйлоо жөнүндөгү жарлыкка кол койгон. Алардын арасында Гүлжигит Сатыбеков да бар.