Кытайдын чыгышындагы Аньхой провинциясында жааган кар 13 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү "Синьхуа" агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, жогоруда аталган провинцияда 3-январдан 5-январга чейин катуу суук болуп, калың кар жааган.
"Калың кардан улам 200дөн ашык курулуш кыйрап, 400 курулуш жабыркаган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча экономикалык чыгым 500 миллион юань деп бааланууда", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Кытайдын беш провинциясында 200дөн ашык жергиликтүү тургун эвакуацияланган. Андан сырткары 100гө жакын адам жардамга муктаж.