Канадада 2 учак сүзүшүп өрттөнүп кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя 6-январга караган түнү Канада өлкөсүнүн Торонто шаарында жайгашкан эл аралык "Лестер Пирсон" аэропортунда болгон. Анда конуп жаткан Боинг 737-800 үлгүсүндөгү учак аэропортто токтоп турган башка учакты сүзүп алган. Боинг 737-800 үлгүсүндөгү учактын ичинде 168 адам болсо экинчисинде адам болгон эмес. Кырсыкка кабылган учактагы адамдарды өз убагында эвакуациялап кетишкендиктен эч ким жабыр тарткан эмес.
Андан сырткары аталган маалыматта аэропорттогу учактардын кагылышуусунан улам чыккан өрт толук өчүрүлгөнгө чейин аэропортто башка каттамдар токтотулуп турганы да айтылат.