Сауд Арабиянын бийлиги падыша сарайларынын биринин алдына нааразычылык билдирип келген 11 ханзааданы камаганын "Associated Press" агенттиги жергиликтүү массалык маалымат каражаттарына шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Маалыматка караганда, ханзаадалар падыша сарайынын алдынан кетүүдөн баш тартышкан соң Улуттук гвардиянын кызматкерлери тарабынан камалган. Бирок кармалгандардын аты-жөндөрү айтылган эмес.
"Ханзаадалар бийликтен падыша үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүнө суу жана электр жарыгы үчүн берилүүчү төлөмдөрдү калыбына келтирүүнү жана туугандарынын биринин өлүм жазасына тартылганы үчүн компенсация талап кылышкан", - деп айтылат маалыматта.