Орусияда 19 жаштагы жигит 11 жаштагы өспүрүмдү тамашага салам деп жатып 17-кабаттан кулатып жиберди

"Орусияда 19 жаштагы жигит 11 жашар өспүрүм менен ойноп жатып көп кабаттуу үйдүн 17-кабатынан кулатып жиберген. Өспүрүм кырсыктан каза болгон", - деп жазылат жергиликтүү маалымат булактарында.

Маалыматка ылайык, 30-декабрда Москва облусундагы Реутов шаарында 19 жаштагы жигит 11 жаштагы бала менен көп кабаттуу үйдүн 17-кабатына чыгышкан. Шаарга көз жүгүртүп, терезеден башын чыгарып ойноп жаткан 11 жаштагы баланы тамашалап чочуткусу келген жигит аны бутунан өйдө көтөрүп терезеден башын бир аз чыгарган.

Ошол учурда бала кармана албай жерге кулап кеткен. Коркуп кеткен шектүү баланын уюлдук телефонун өчүрүп, таштандыга ыргытып жиберип качып кеткен. Кийин гана иликтөө иштеринин негизинде ал окуяга шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга жеткирилип, ага карата кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Shokoladka94
2018-01-07 13:42:12
Кырсык каш-кабактын ортосунда! Абайлаш керек, аябай жакшысы мындай тамашаны кылбаш керек
+14
Zainidin96
2018-01-07 23:44:48
Астагфируллох Аллах сактасын ушундай кырсыктан
0
admin_superstan
2018-01-08 12:12:19
rysik79, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан