Өрттөн улам эки Кыргыз жараны каза болгон Орусиядагы бут кийим тиккен цехтин ээлери кармалышты. Бул тууралуу орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, 5-январь күнү Орусиянын тергөө комитети Новосибирск облусунун Искитим районундагы өрттөнүп кеткен бут кийим тигүүчү цехтин ээси делген 3 адамды кармаган. Алардын экөөсү ата-бала болгон. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
Эске салсак, 4-январда Новосибирск облусуна караштуу Искитим районунда саат 9 чамаларында бут кийим тиккен цехтен өрт чыгып, Кыргыз өлкөсүнүн эки, Орусиянын бир, Кытай Эл Республикасынын жети жараны каза болгону кабарланган. Алар бут кийим тиккен цехтин жумушчулары болушкан. Кийин Орусиянын мыйзамдарына ылайык кылмыш иши козголгон.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги каза болгон 2 Кыргыз жаранынын аты-жөнү такталгандыгын билдирген. Дагы бир Кыргыз жараны өрттөн жабыркаган.