Кытайда мунай ташыган танкер менен кеме сүзүшүп, 32 адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кырсык 6-январь күнү Шанхай шаарынан 250 чакырым алыстыкта болгон. Анда Түштүк Кореяга 136 миң тонна мунай алып бара жаткан танкер менен Гонконгго 64 миң тонна буудай жүктөп бара жаткан кеме сүзүшкөн. Анын кесепетинен танкер өрттөнүп кеткен. Ал эми кеме жабыр тарткан эмес.
"Кемедеги 21 адамдын баары аман калышса, танкердеги 32 адам дайынсыз болууда. Алар Иран жана Бангладештин жарандары болгон. Кырсыкка кабылган танкер Иран өлкөсүнүн күйүүчү май ташыган компаниясына таандык", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле аталган маалыматта дайынсыз болуп жаткан адамдарды издөө иштерине 9 кеме, 1 учак тартылганы айтылат.