Орусиянын атайын кызматы жаңы жыл алдында Москвадагы кылмыштуу топтордун кагылышуусуна Азиз Батукаевдин аралашканын айтты

Орусиянын атайын кызматы жаңы жыл алдында Москвадагы кылмыштуу топтордун кагылышуусуна Азиз Батукаевдин аралашканын айтты. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, жаңы жыл алдында Орусиядагы мыйзамдагы ууру Надир Салифов жана Азиз Батукаевдин уюшкан топтору чогулган жерге күч органдары жетип барган. Алдын ала маалыматтар боюнча, Салифов жана Батукаевдин тарапташтары Москвадагы үч базарды көзөмөл кылууну талашып, чечишүү үчүн чогулушкан. Бирок укук коргоо органдары уюшкан топтордун ортосундагы жаңжалды алдын алганга үлгүргөн.
Орус маалымат булактары кылмыштуу топтордун талашына түшкөн үч базарды буга чейин Салифов көзөмөл кылып келгенин жазышууда. Өзүнүн инвестициясын коргоо үчүн ал 700 куралданган балдарды чогулткан. Ал эми Батукаев Салифовго маселени тар чөйрөдө чечишүүнү сунуш кылган.
Маалыматтарда Азиз Батукаевдин кармалганы же окуянын андан аркы чоо жайы берилген эмес. Тек гана Надир Салифов Орусиядагы таасирдүү мыйзамдагы ууру экени айтылып, бул окуя Азиз Батукаев үчүн чоң маселе жаратышы мүмкүн экени жазылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
yrysbek
2018-01-08 08:31:37
Батукаев Кыргызстан ЧАУУУ дейтко (Баардык Кыргызстандыктарга слааааам дегендей).
-3
Bolunbo.kyrgyz
2018-01-08 09:00:14
Батукаевти бизге жоноткуло кармасанар анан ооруп калса биздин жиндилер европага крортко жонотушот
+21
_adil_
2018-01-08 21:33:54
Bolunbo.kyrgyz,Сопровождения менен министрибиз озу узатат эсалдырыптуруп))))
+3
Mehazahn57
2018-01-08 09:08:35
Батукаев Москваны Кыргызстандай элестеткенго. Ал жерде таасирдуу адамдар коп. Тем более ворлор чечендер эмес. Грузин, азер, армян улутундагылар ворлор. Батукаевге эми кыйын болотго
+9
o.aza
2018-01-08 09:14:03
Алга батукаев бизден да болсунчу болсо.
-13
beknur95
2018-01-08 09:36:20
o.aza,Батукаев кандайча сенден болсун
+11
o.aza
2018-01-08 14:36:31
beknur95,кыргыздан дейн дегем
-4
Muslim_KGstana.
2018-01-08 09:36:48
Камап салса экен ылайым
+11
amirrus
2018-01-08 09:37:02
Уйдо кылганыны тойдо кылба деп коет кыргызда...
+9
Nevestkaa
2018-01-08 09:44:20
Биз кичинекей базардан 10кв метр жер алалбайбыз бул ынсабы жоктор килтейген үч базарды талашышат.
+13
haydarkan
2018-01-08 09:55:21
Батукаевди кармаша албайт жана вор закондор бирин бири олтурбойт по понятя эле суйлошуп чечишет
+8
keba300989
2018-01-08 10:52:13
Азиз Батукаев жөнөкөй адам эмес мээсида күчтүү иштейт, кыргызстанда жашаган кайсыл адамдарды кыйнап жатыптыр ал чет жакта ишин кылып жүрөт
-6
1919
2018-01-08 11:09:48
А байкуш Батукаевди биздин бийлик сактап калган болбосо олоруно аз калды эле. Ана мына олот деп жатканда чыгарышканго чиркин.Кайран элбизда.
+6
taku1414
2018-01-08 12:58:05
эртен олот деп турмодон чыгарган кишибиз Москвада чуу салып журот ко.
+7
Kuyoo_bala
2018-01-08 14:40:22
Надир кайсы улуттан?
0
Azatbek83
2018-01-08 15:16:31
Kuyoo_bala,Надир.Салифов.Мыйзамдагы ууру.Азербейджанин. кличкасы Лоту Гули!
-1
alpinist
2018-01-08 15:14:36
Азербейджан
-1
_adil_
2018-01-08 21:32:07
alpinistТатар
0
Zainidin96
2018-01-09 01:02:29
Батукаев деген ким эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан