Кытайдагы танкер менен кеме кырсыгынан улам дайынсыз делип жаткан 32 адамдын баары каза болду. Бул тууралуу "IRNA" агенттиги Ирандын Нефти министрлигине шилтеме берүү менен жазды.
Маалыматка караганда, танкер кореялык "Hanwha TOTAL Co" компаниясы тарабынан ижарага алынган. Ал Ирандын улуттук нефти компаниясына таандык конденсат ташып бараткан. Кытайлык жүк ташыган кеме менен сүзүшүп, өрттөнүп кеткен.
Кытайлык "Синьхуа" агенттигинин маалыматы боюнча, танкер Панамада катталган. Танкердин ичиндеги 32 адамдын баары каза болгон.
Айта кетсек, кырсык 6-январь күнү Шанхай шаарынан 250 чакырым алыстыкта болгон. Анда Түштүк Кореяга 136 миң тонна конденсат алып бара жаткан танкер менен Гонконгго 64 миң тонна буудай жүктөп бара жаткан кеме сүзүшкөн.