"Кыялым орундалды". 25 жаштагы Филиппе Коутиньо "Барселонага" өттү

Испаниялык "Барселона" футболдук клубу бразилиялык футболчу Филиппе Коутиньо менен келишим түздү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, бразилиялык футболчу үчүн "Барселона" 120 миллион евро коротту. Жана дагы 40 миллион евро бонус катары төлөп бермекчи. Футболчу 5 жылдык келишимге кол койду. Ал "Барселонага" өтүп, эми анын кыялы орундалганын интернеттеги жеке баракчасына жазды.

"Ливерпуль" футболдук клубу Филиппе Коутиньону 2013-жылы италиялык "Интер" клубунан 13 миллион еврого сатып алган. Бразилиялык футболчу 2017-2018-сезондо "Ливерпуль" клубу менен 20 беттешке катышып, анда 12 гол киргизген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
ilgizk
2018-01-08 08:43:57
Ийгилик
0
eddi.kg
2018-01-08 09:07:08
Месси менен бирге болобу.
+1
taiyr00kg
2018-01-08 09:13:38
Кош кел Коутиньо
+3
sharolli
2018-01-08 09:17:51
Коутиньо эми Иньестанын оордунда. Оюну барсанын стилине тушо турган оюунчу ийгилик!
+1
nemo2016
2018-01-08 10:55:47
Туура жол тандапсын барса мн сен ийгилик ге жетесин
+2
Janel2013
2018-01-08 12:49:21
Барса алга!
0
Zynk.kg
2018-01-08 18:52:33
Барыбир сезон буткучо чемпиондор лигасында ойнобойт
0
wirintai27
2018-01-09 23:32:41
Коутиньо Неймардын ордун басат
Месси,Суаерс,Каутиньо алга.Мен силер менен биргемин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан