УКМКнын кызматкери Данияр Алымжанов самбо боюнча Азия чемпиондугунда 1-орунду ээледи
УКМКнын
9-кызматынын кызматкери Данияр Алымжанов
самбо боюнча Азия чемпиондугунда биринчи орунга ээ болду. Бул тууралуу УКМКнын
басма сөз кызматы билдирди. Мелдеш 3-июнда Түштүк Кореянын Сеул шаарында өткөн.
Данияр Алымжанов 100 килограммдык салмакта атаандаштары менен беттешкен.