Американын Лос-Анжелес шаарында өткөн "Алтын глобус" 75-сыйлык тапшыруу аземинде белгилүү "Так талашуу оюну" сериалы бир дагы сыйлыкка ээ болгон жок. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, "Эң мыкты драмалык сериал" номинациясында сыйлыкка "Үй кызматчынын окуясы" сериалы ээ болгон. Бул жылы аталган номинацияда "Таажы", "Кызыктай иштер", "Бул биз" жана "Так талашуу оюну" сериалдары ат салышкан. "Эң мыкты айымдын ролу" наамы боюнча сыйлык актриса Элизабет Мосско "Үй кызматчынын окуясы" тасмасындагы ролу үчүн ыйгарылган. Ал эми "Эң мыкты мырзанын ролу" наамындагы сыйлыкты "Бул биз" сериалында башкы каармандардын биринин ролун аткарган Стерлинг Келби Браун алган.
"Алтын глобус" - жыл сайын кино жана теле жаатында ийгилик жараткан белгилүүлөрдү аныктап, сыйлык тапшыруучу азем.