Бүгүн, 8-январда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын сот иши Бишкек шаардык сотто уланды.
Аида Салянова жүрөгү ооруп жаткандыгына байланыштуу сот отурумуна келе алган жок. Анын ооруп жаткандыгы тууралуу медициналык тил катты сотко жактоочусу көргөздү.
Сот Салянованын сот отурумуна медициналык текшерүүдөн өтүп жаткандыгы үчүн келбей калганына өз пикирин билдирди.
"Соттолуучу мындай маалымкат менен сотко келбей койгону туура эмес. Анын моюнунда биринчи инстанциядагы соттун чечими бар. Медициналык кароодон өтүп жаткандыгы тууралуу маалымкат анын ооруп жаткандыгын далилдебейт", - деди ал.
Шаардык сот кийинки отурумун 9-январга, саат 9:00гө белгиледи.