Кыргыз курамы футзал боюнча Азия чемпиондугуна даярдык көрүүдө (фото)

Футзал боюнча Кыргыз курама командасы Тайбэйде өтө турган Азия чемпиондугуна даярдык көрүүдө. SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан кабарлагандай башкы машыктыруучу Амиржан Муканов Кыргыз курамасына 20 спортчу чакырган.

Кыргыз курама командасы 1-7-январь аралыгында окуу-машыгуу жыйындарын Бишкек шаарында өткөрсө, бүгүн, 8-январдан баштап машыгууну Чолпон-Ата шаарында улантат. Окуу-машыгуу жыйындарын Кыргыз спортчулар Чолпон-Ата шаарындагы ден соолукту чыңдоо жана спорт комплексинде 13-январга чейин өткөрөт.

Эске салсак, Футзал боюнча Азия чемпиондугунун финалдык этабы 2018-жылы 1-11-февраль аралыгында кытайлык Тайбэйде өтөт. Анда, Кыргыз курама командасы "D" тайпасына жайгашып, Таиланд, Ливан жана Иордания курама командалары менен беттешет.

Кыргыз курама командасынын тизмеси:

Дарбазачылар: Кирилл Ермолов, Виталий Зубарев, Актилек Эсеналиев.

Коргоочулар: Манас Абдрасул уулу, Улан Байгазы уулу, Адилет Иманбеков, Дастан Рысбеков, Келкел Анарбеков, Акылбек Анарбек уулу, Актай Таштанов , Мирлан Жолдубаев.

Чабуулчулар: Эмил Канетов, Улан Батырбек уулу, Юлдашбай Салимбаев, Келечек Касымов, Арстанбек Турсунов, Эркин Максатов, Маматзия Жолдошев, Адилет Култаев, Максат Алимов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
anash
2018-01-08 11:50:28
Алайго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан