Аламүдүндө жол кырсыгы катталып, 5 жашар бала каза болду

Аламүдүн районунда жол кырсыгы катталып, кырсыктан 5 жаштагы наристе каза болуп бир аял жабыркап, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу маалыматты Бишкек ШИИББинин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 8-январь күнү эртең менен саат 7:50 чамасында катталган. Анда мамлекеттик номердеги Honda CRV үлгүсүндөгү унааны башкарган айдоочу Алма-Ата көчөсү менен түндүктү көздөй бара жатып Аламүдүн айылындагы Чекиш-Ата базарынын тушунан эки жөө жүргүнчүнү сүзүп алган.

"Кырсыктын кесепетинен 40 жаштагы аял ооруканага жеткирилип, 5 жаштагы бала окуя болгон жерден каза болгон. Учурда айдоочунун унаасы айып жайга токтотулуп, өзү сурак берүүдө. Учурда катталган жол кырсыгы боюнча Аламүдүн районунун тергөө кызматы тергөө иштерин жүргүзүүдө", - деп билдиришти башкармалыктан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Qnet
2018-01-08 13:55:26
Байкуш бала!!!!!!!!!
+2
rysik79
2018-01-08 14:10:53
Жолдон абайлап отуш керек. Жол жээке да туруп алабыз да. Айдоочулар да аман эле болушсун. Кокуй шоопурлар да оло кобойду. Кудайым кутулбой келген кырсыгынан сактасыыын...
+1
wirintai27
2018-01-08 16:30:56
Кудай бейиштен оорун берсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан