Беларуста орусиялык гимнаст кыз 4 метр бийиктиктен учуп кетти. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, циркте гимнасттар татаал акробатикалык номер аткарып жатканда, 20 жаштагы орусиялык Юлия Тикаева өнөктөшүнүн колунан суурулуп кетип, кулап түшкөн. Аны ооруканага алып кетишкен.
Дарыгерлер кыздын эч жери сынбаганын жана анын ден соолугуна зыян келбегенин айтышкан.