Мекенин дүйнө жүзүнө тааныткан, Кыргыз өлкөсүнүн XX кылымдагы мыкты балбаны аталган Раатбек Санатбаев мындан 12 жыл мурун белгисиз бирөөлөр тарабынан атылган октон кайтыш болгон.
Раатбек Санатбаев 1969-жылы 7-майда Жалал-Абад облусунда төрөлгөн. Кичинекей кезинен мыкты балбан боло турган сапаттарга ээ болгон. Ал 2-классында досунун чакыруусу менен күрөш секциясына жазылат. Санатбаевдин алгачкы машыктыруучусу Орто Азиянын 13 жолку, Кыргыз өлкөсүнүн 29 жолку чемпиону Ибрагим Узаков болгон. Узаковдун башкаруусунда Раатбек Санатбаев бир топ мелдештерде ийгилик жаратып, жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөткөнгө үлгүрөт.
Спортчу 7-классында Фрунзе шаарындагы Крупская атындагы Республикалык спорттук мектеп-интернатына тапшырат. Ал жакта устаты Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Пётр Цапля болот. Анын алдында Раатбек Санатбаев жаштар арасындагы бир нече мелдеште жеңүүчү болуп, медалдарды тагынат. 1985-жылы Юрмалада өткөн Бүткүл союздук мелдеште жеңишке жетет. Ошондой эле 1986-жылы Фрунзеде өткөн Кыргыз ССРдин спартакиадасында алгачкы орунду ээлейт.
Интернатты бүткөн соң Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтуна тапшырып, Василий Баканачтын алдында машыгуусун улантат. 1987-жылы Ташкентте өткөн Бүткүл союздук мелдеште күмүш медалын тагынат.
1987-1989-жылдары Советтик Аскерде кызмат өтөйт. Аскердик милдетти аткарып жүргөндө да күрөштү унутпайт. Кызматты өтөгөн соң дене тарбия институтунда окуусун улантып, ошол эле жылы Украинада өткөн СССРдин чемпиондугунда коло медалын тагынат.
Раатбек Санатбаев 1992-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун бүтүргөн соң машыгуусун Казакстанда улантат. Профессионалдуу спорт дүйнөсүнө аралашып, ал көптөгөн ийгиликтерге жетишет.
1994-жылы Хиросима шаарында өткөн XII Азия оюндарында күмүш медалын тагынат.