Чүй облусунун Аламүдүн районундагы жол кырсыгына кабылган 40 жаштагы аял ооруканадан көз жумду. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен аял ооруканага жеткирилип, анын 5 жаштагы баласы окуя болгон жерден каза болгон. "Учурда айдоочунун унаасы айып жайга токтотулуп, өзү сурак берүүдө. Катталган жол кырсыгы боюнча Аламүдүн районунун тергөө кызматы тергөө иштерин жүргүзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
Эскерте кетсек, кырсык бүгүн, 8-январда эртең мененки саат 7:50 чамасында болгон. Анда Honda CRV үлгүсүндөгү унааны башкарган айдоочу Алма-Ата көчөсү менен түндүктү көздөй бара жатып Аламүдүн айылындагы Чекиш-Ата базарынын тушунан эки жөө жүргүнчүнү сүзүп алган.