Дзюдо боюнча Кыргыз курама командасы 4-8-январь аралыгында Өзбекстандын Ташкент шаарында машыгууларды өткөрдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынан билдирди.
Маалыматка караганда, Ташкентте өткөн окуу-машыгуу жыйындарында Кыргыз өлкөсү, Өзбекстан, Иран, Орусия, Япония, Тажикстан жана Казакстан өлкөлөрүнүн курама командалары катышкан. Кыргыз курамасынын атынан 14 спортчу жана 1 машыктыруучу катышты.
Окуу-машыгуу жыйындарына катышкан Кыргыз спортчулардын тизмеси:
Умарбек Табалдиев;
Алмаз Алтынбек уулу;
Эртур Турдубаев;
Айдар Абасканов;
Адиль Мурзаев;
Кубанычбек Айбек уулу;
Баяман Сагынбай уулу;
Айдин Мухтаров;
Умар Абдылдаев;
Нурсултан Абдыкалыков;
Жалынбек Токтобай уулу;
Эрлан Талантбек уулу;
Мыктыбек Жеңишбек уулу;
Эрлан Шеров.
Кыргыз курама командасынын машыктыруучусу: Марат Табалдиев.