Мария Шарапова дүйнө жүзүндөгү эң мыкты 50 теннисчинин катарына кирди

Орусиялык теннисчи Мария Шарапова кыз-келиндер тенниси ассоциациясынын рейтингинде эң мыкты 50 теннисчинин катарын толуктады. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, Шарапова мурунку ээлеп турган ордунан 12 сап алдыга жылып, 47-орунду ээлеген. Орусиялык теннисчи айымдардын арасынан эң мыкты көрсөткүчтү Светлана Кузнецова көрсөткөн. Ал азыр 14-орунда жайгашкан.

Мындан тышкары эң мыкты 50 теннисчинин катарына 4 орусиялык теннисчи кирген. Алар: Анастасия Павлюченкова 16-орун, Елена Веснина 17-орун, Дарья Касаткина 24-орун жана Екатерина Макарова 33-орун.

Ал эми рейтингдин сап башында румыниялык Симона Халеп жайгашкан. Ал эми экинчи орунду даниялык Каролина Возняцки ээлесе, үчүнчү сапта испаниялык Гарбинье Мугуруса жазылган.

Айта кетсек, Мария Шарапова мельдоний затын колдонгону үчүн 15 айга ар кандай оюндарга катышуу укугунан ажырап, оюндардан четтетилген. Ал 2017-жылдын апрель айында спорт дүйнөсүнө кайтып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dembele84
2018-01-08 22:50:30
Шарапованын алдыга жылганы жакшы болуптур,бирок Серена Уильямсты акыркы 15оюндан бери уталбай жатканы кызык болуп жатат )))
+1
mbmur
2018-01-08 23:25:45
Убагында дуйнонун биринчи ракеткасы болуп да турган.Акыркы окуяларынан кийин рейтинги томондоп кетти.Бирок жогоруда айтылгандай Серенаны акыркы убакта эч эле ута албай койду да.
0
fantomas
2018-01-09 00:02:40
Серена Уильямс менен беттешууго чыкпай жатып эле уттуруп коет Шарапова, ал менен беттешке чыкканда кортто озун озу каалагандай контролдой албайт....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан