Казакстандан депортацияланган Кыргыз жараны кайрадан башка паспорт менен кирүүгө аракет кылды

Кыргыз мамлекетинин 1980-жылы туулган Э.Р. аттуу жараны Кыргыз-Казак чек арасындагы "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү жайынан башка бирөөгө таандык паспорт менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Э.Р. Кыргыз мамлекетинин аймагынан Казакстанга өтүп баратканда токтотулуп документтери текшерүүгө алынганда жанындагы (ID-карт) паспорту башка адамдыкы болуп чыккан. Ал буга чейин Казакстандан депортацияланган. Тийиштүү документтер толтурулган соң кармалган адам УКМКнын аймактык кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Badr.Hari.
2018-01-08 21:50:41
Гор тиричиликтин айынан ушул кадамка барып жататта байкуштар.
+6
Bolunbo.kyrgyz
2018-01-08 22:12:54
Эми озунор жарытып иш таап бере албайсынар анан дагы элдин канын соросунар отуп кете бербейби.
+5
Adikoo2011.
2018-01-08 22:27:17
Иии байкуш десе бала чака багам деп кетип жатат да ошолорго кайра жардам берсенер болбойтбу билбейм биз да кор тирикчилик деп журобуз тентиреп дагы мигранттардын салган акчасы быйыл былтыркыга караганда жакшы деп биз салган акчаны санап отурушат биз теги онолбойбузго
+8
Dembele84
2018-01-08 22:46:55
Качан биз да окуйт экенбиз.Тажик,казак же озбек жараны Кыргызстанга отуп жатып кармалды деп.Паспортун коргозбой акча берип отуп келишет биздин мекенге,алар эмне кылып журот,эмнеге келди?Эч кимдин иши жок.Самый главный акча берсен болду,мага демек жардырып жок кылсан да мейли дейт биздин пограничниктер!
+4
Asilbeka
2018-01-09 00:01:33
Байкуш жаман болуптур
+1
Дарыгер
2018-01-09 03:37:49
Мамлекеттин алсыздыгы да. Бала чака багам деп кор оокаттын айынан камалып жатат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан