Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери №47-абакта жазасын өтөп жаткан кылмышкерден телефон аркылуу 3 үй-бүлө жабыркагандыгын аныктады. Бул тууралуу маалыматты ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Кылмышкер оорулуу балдарды Түркиядан бекер дарылатып берем деп социалдык тармактарга билдирүү жарыялап ага байланышкан адамдарды алдап жүргөн.
Иликтөөнүн жүрүшүндө мурда бир канча жолу соттолуп, жатак-абагынан качууга аракет кылган, алдамчылык боюнча жети жылга эркинен ажыратылып учурда абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 30 жаштагы Т.К. аттуу жаран шектелүүдө. Ал буга чейин үч үй-бүлөнү да телефон аркылуу алдаганы белгилүү болду.
Бул боюнча топтолгон маалыматка ылайык, иш ЖАМКнын иликтөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. 47-абактын кызматкерлеринин үстүнөн жазасын өтөп жаткандарга телефон аркылуу сүйлөшүүгө мүмкүндүк бергендиги үчүн териштирүү иштери уланууда.