Бүгүн, 8-январда Орусиянын Тюмень шаарында 9 кабаттуу имарат күйүп кетти. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, жалпы 700 чарчы метрге жакын аянт күйгөн. Өрт чыккан турак үйдөн 130 адам эвакуацияланган. Азыркы тапта жабыркагандар тууралуу маалымат жок.
"Өрт Олимпийская көчөсүндө жайгашкан 9 кабаттуу үйлөрдүн биринен чыккан. Алгач жогорку кабаттарда үйдү жылуулоо үчүн колдонгон каражаттар күйүп баштаган. Андан соң өрт бат эле төмөнкү кабаттарга жайылган", - деп билдирди өрт өчүрүүчүлөр.
Азыркы тапта тилсиз жоо катталган жерге шаардын бардык өрт өчүрүүчү унаалары тартылган. Учурда өрт эмнеден келип чыкканы такталууда.