"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Москвада каза болгондор - кыргыздар. Алардын аты-жөнү такталган"

"Москвада киши колдуу болуп каза болгон 2 адам - Кыргыз жарандары. Алардын аты-жөндөрү такталып, туугандарына кабар берилди".

Мындай маалыматты Кыргыз Ички иштер министрлигинин КМШ өлкөлөрүндөгү өкүлү Аскат Алиев билдирди.

"2017-жылдын 29-декабрында Кыргыз Республикасынын жарандары 1980-жылы туулган Ж.Искендер Т. жана 1981-жылы туулган М.Мурат М. Москва шаарында өздөрү жашаган батирден чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келишкен эмес. Бул боюнча алардын жакындары 30-декабрь күнү Москва шаарынын полициясына арыз менен кайрылышкан.

Ушул эле 30-декабрь күнү, Москва облусунун Жуковский шаарындагы Наркомвод көчөсүндө Москва дарыясынын жээгинен балыкчылар М.Мураттын киши колдуу болуп өлтүрүлгөн денесин таап алышкан. Андан соң, 7-январь күнү ошол эле жерден экинчи дайынсыз жоголгон Ж.Искендердин да жансыз денеси табылган. Бул фактылар боюнча Москва облусунун Тергөө комитети тарабынан адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Азыркы учурда полиция кызматкерлери менен биргеликте ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү кылмыштын бетин ачуу боюнча иштерди алып барууда", - деди Аскат Алиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Kuyoo_bala
2018-01-09 10:21:39
Ичип алып бироого бирдеке дей койсо керекда,ачуусуна тие турган соз айтып...Не деген гана улуттар жашабайт Москвада.Ото этият болуп журуу керек,коркунучтуу шаар.
-3
Ma9
2018-01-09 10:22:54
жайлары жаннатан болсун
+11
Povetkin
2018-01-09 10:26:45
Кыргызды кырып жок кылмай болдуго тентип журуп...
+7
progresskg
2018-01-09 11:02:50
Povetkin, Кыргыздар озулору куноолуу озунун проблемалары учун - башка эч ким, башка улут же башка мамлекет куноолуу эмес.
Бийликти да эл шайлайт. Бийликтеги адамдар да элден чыккандар. Тарбияны да билимди да кыргыздар озулору берет.
+14
ashamkan
2018-01-09 10:28:11
Кудай сакта заман эмес эл озгорду жайлары жаннатта болсун
+5
ori
2018-01-09 10:55:14
Саяк журсон таяк жейсин!кыргызды куураткан бандиттер менен журсонор акыбалынар ушундай болот
-3
Syn4y
2018-01-09 11:04:28
ori, sen taanyisynby, banditter bele
+3
ori
2018-01-09 12:43:41
Syn4y,бер ватсап номеринди фактысы менен суротторду жонотом
+4
Syn4y
2018-01-09 13:18:46
ori,779202424
0
nurhan2702
2018-01-09 11:09:04
Ой тообо, жакындарына сабыр тилейбиз
0
KIRA.
2018-01-09 11:24:39
чет жерде кыргыз жарандары олду десе,козумо жаш айланат,аллахым бейишинен берсин,жаман соз айтканды токтотолучу,кандай гана окунучтуу,жашоонун айынан да,Москвага жыргаганынан бардыбы,баарынарга сабырдуулук
+2
aitowa11
2018-01-09 11:35:16
Булар адамдарды иштетип акчасын бербей кидалла кылып жургон балдар экен
+3
muku79
2018-01-09 22:52:24
aitowa11,сен каяктан билесин, адамдарды иштетип акчасын бербей жургонун? Бироонун куноосун которбо! Жазат десе былжырап такталбаган маалымат тарата бербей
0
NeRiNa
2018-01-09 11:37:12
Журогум ооруп кетти...баласынын операциясына акча топтойм деген атасынын тилегине жетпей кете бериптир да...ылайым жайлары бейиштен болсун.
+4
kutlibek
2018-01-09 12:13:14
Аллах Рахмат кылсын. Жайлары жаннаттан болсун. Жаман иш болуптур. Алыс жерде жургон мекендештеримди Аллахым озу сактасын, уйлоруно эсен Аман келишсин.
+1
ori
2018-01-09 12:47:47
Арты кайырлуу болсун дейбиз бирок просто мухи не летают господа сакалдын казбек чеченец менен тушкон суроттору жайнап жатат азиз батукаевинер базар талашып жатат олду деп кое берген адамынар кана конкреттуу ким жооп берет !дагы боорукер элбиз эртен азиз олсо да кайгырып гана кала беребиз
+2
ori
2018-01-09 12:50:33
ori,точнее олгон балдардын сакал менен бандиттер менен тушкон суроту жайнап жатат
+2
ori
2018-01-09 12:52:12
Шайлоо бутту баары ордуна келди баары баш которушот криминал биринчи очередь бийлик артынарды таза кылбасанар онолбойсунар шайлоодо криминалдан жардам сурап эми алар сдачасын алышат да
+2
AKCAHAT
2018-01-09 13:45:47
Куноо озуллрундо экен жазасын алышыптыр , саяк журсо таяк жейт. Кыргыз жондон жон кырылбайт озуну озу кырат.
+2
murat17
2018-01-10 08:46:04
Ким болсо да жаман болуптур мен россияда болгон эмесмин бирок уккамын россияда ош жана жалал абад болуп болунушуп бири бирин сабап даже олтуруп да коюшат деп уккамын биз кыргыздар кыргызстанда тундук туштук болунсок чет жерде ош жалал абад болуп болунсок деги биз кайда баратабыз ошондой эле кучунор ашып жатса биригип башка улутка коргозгуло
+1
admin_superstan
2018-01-10 11:47:21
muku79, бирөөнүн дарегине карата далили жок маалыматтарды камтыган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан