"Дордой" футболдук клубу АФК Кубогунун тандоо турунда түркмөнстандык "Ахал" клубу менен ойнойт

23-январда Азия футбол конфедерациясынын (АФК) Кубогунун тандоо турунун алкагында бишкектик "Дордой" футболдук клубу түркмөнстандык "Ахал" менен беттешет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына футбол федерациясынан билдирди.

Маалыматка караганда, беттеш Бишкек шаарындагы "Дордой" спорт комплексинде саат 15:00дө старт алат. Беттешти тейлөө ливандык калыстарга тапшырылган.

Эске салсак, 2017-жылы "Дордой" командасы АФК Кубогунун тандоо турунда алгач Түркмөнстандын “Балкан” командасын жеңип, кийинки тандоо турунда Тажикстандын “Хосилот” командасын жеңген. Бул жыйынтык менен АФК Кубогунун тайпалык баскычына чыгып, оштук "Алай", түркмөнстандык "Алтын Асыр" жана тажикстандык "Истиклол" командалары менен беттешкен. Тайпалык баскычтын соңунда Кыргыз командалар жеңилүү ызасын тартып, кийинки этапка өтө албай калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Badr.Hari.
2018-01-09 15:18:53
Женилишет дагы.
-2
murat17
2018-01-10 08:57:54
Алга дордой
+3
FCBMESSI
2018-01-22 18:30:21
Алай
+3
Rasul94
2018-01-23 21:09:14
женилише берип уйронуп калышты
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан