Аида Салянова кайсы ооруканада дарыланып жаткандыгын прокурорлор текшерет. Соттук отурум дагы жылдырылды

Аида Салянова ооруп, ооруканада жатып калгандыгына байланыштуу бүгүнкү сот отурумуна келген жок. Бул тууралуу анын жактоочусу SUPER.KG'ге маалымдады.

Анын айтымында, бүгүнкү сот отурумуна Аида Салянова келе алган жок.

"Салянова ден соолугу начарлап Чүй облустук ооруканасына жаткан. Салянованын ооруп жаткандыгы тууралуу маалымкатты сот отурумуна ала келгенбиз", - деп билдирди ал.

Соттук коллегиянын төрайымы Ирина Воронцова Аида Салянованын сот отурумуна келбей жаткандыгын аныктоо үчүн саат 9:00дөгү сот отурумун бүгүн саат 14:00гө жылдыруу чечимин кабыл алды. Ага чейин прокуратура Салянованын кайсы ооруканада, кайсы дарттын негизинде дарыланып жаткандыгын аныкташат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
General.kg
2018-01-09 11:24:28
Же бийлик кыспады
Же бул эжебиз сынбады
+4
RusMos76
2018-01-09 11:48:10
Ооруукананы дагы жапкыла эми дарыланып жатса!
0
al-abu-kinesz
2018-01-09 13:00:40
Азыр бийликтин доо-шаа каршылаштарынан (чындыкты козуно сайып айткан беделдуу) депутаттардын бири ушул эже болуп калды. Азамат экен аял болсо да алтымыш эркектен (Арзыматтардан) артык экен!
0
Totyua.71.
2018-01-09 15:35:32
Байлык,бийлик колдо турганда Аида дебей Аку дегендирсинер,эми минтип бийлик колунан кеткенде жанын койбой оорукананы да текшерип жатасынар,"Олот"деп чыгарып койгон Батукаевди издебейсинерби андан коро...атандын кору шум замана!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан