ЖЫЛНААМА, 9-ЯНВАРЬ: Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбеков туулган күнүн Москвадан белгилеп жатканын айтты

Ырчы Гүлжигит Сатыбеков бүгүн, 9-январда 38 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчыны куттуктоо максатында байланышып, учурда Орусияда жүргөнүн билди.

"Былтыркы туулган күнүмдө Орусиянын Санкт-Петербург шаарында болсом, быйыл концерт боюнча Москва шаарына келгем. Туулган күнүмдү да бул жактан досторум менен белгиледим. Өтө деле чоң майрам уюштурган жокпуз. Ал эми кечинде бул жактагы тууган-уруктарым менен чогулуу алдында турабыз", - дейт ырчы.

Гүлжигит Сатыбеков 1980-жылы 9-январда Жалал-Абад облусундагы Аксы районуна караштуу Мукур айылында туулган. Репертуарындагы популярдуу ырлары – “Коштошуу”, “Лейлектик кызга”, "Тико, "А балким" жана башкалар. Анын аткаруусундагы "Мен сенден кетейинчи" аттуу ыры "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Жылдын супер ыры" деп табылган. Өткөн жылы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын берүү боюнча жарлык чыгып, наам быйыл, 2018-жылдын 4-январында тапшырылган.

9-январдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Baku88
2018-01-09 18:47:40
Туулган кун кут болсун узак өмүр каалайм
+1
bond02
2018-01-09 19:19:15
Бугун сенин туулган кунун, тост котором Гулжигит учун.
+1
admin_superstan
2018-01-10 11:42:49
Rusbek1987, бирөөнүн дарегине карата далили жок маалыматтарды камтыган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат. Эскертүү!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан