Ошто дүкөнчүнү тапанча менен коркутуп тоноп кеткен 2 жаран кармалды. Алар ачкалыктан кылмыш жасаганын айтышууда

Ошто дүкөндү тоноого шектелип 2 жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин басма сөз кызматынын катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 8-январынан 9-январга караган түнү болжол менен саат 00.20 чамасында медициналык бет кап тагынган белгисиз эки жаран дүкөнгө кирген. Кылмышка шектүүлөрдүн бири сатуучу келиндин чекесине тапанча такаса, экинчиси бычак менен коркутуп кассада болгон 6000 сомго жакын акчасын жана сатуучунун уюлдук телефонун алып, качып кеткен.

"Ош ШИИБи бул кылмышка шектүү жарандарды кармашты. Алар Бишкек шаарынын 1992-жылы туулган тургуну М. уулу А. жана Талас облусунун 1996-жылы туулган тургуну М.М. болуп чыкты. Шектүүлөр жасаган кылмыштарын моюнуна алышты. Аларды текшерүү учурунда арыз берүүчүнүн телефону, МП-654К үлгүсүндөгү газ тапанчасы, эки медициналык бет кап, бычак жана сатуучудан алган акчанын бир аз бөлүгү табылган. Учурда алынган далил буюмдар тиешелүү экспертизага жѳнѳтүлдү.
Кылмышка шектүү катары кармалган эки жигит учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Алар Бишкекке кете албай, курсактары ачкандыктан ушундай ишке баргандыгын билдирип жатышат", - дейт Сыдыков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Kattaldym
2018-01-09 16:04:04
Ачкадан эле олуп калбаптырсынар да
+4
Begaiko
2018-01-09 16:05:29
Булардын көздөрүн эмне жабасынар, эл көрсүн да
+1
gute
2018-01-09 16:10:58
Оздору ачка журсо тапанчаны кайсыл жактан алышты
Булар коптон бери эле уурулук кылып журушкон эмелер окшойт.
+7
meni_kut
2018-01-09 16:16:20
Бишкекте,Таласта кылган кылыгын эми Ошто кылган го
+4
KUBI
2018-01-09 16:37:10
Ачка болсо кылмышка кыла береби.Сабырдуулук деген барбы.
+1
ararat...
2018-01-09 16:57:36
Оной оокатка конгондор го. Укмуш жумуш болбосо да,кийинип ичингенге ылайыктуу кунумдук жумуштар коп эле.Ушундайларга караганда анча-мынча кыздар эки уйду багып жатышат.
+3
nurbekasr
2018-01-09 17:30:00
Ачка болмоктон өлүп кетбейби чычкактар.Эми бир ай ачка койгулачы бул шүмшүктөрдү.
0
Benazir08
2018-01-09 17:36:45
Ой олкобуз онуксо уурулук каракчылык тоноо жоголот эле азыр эн тартиптуу адам да уурулукка бара турган болуп калды КР да иш жок
+1
Aikoo2014
2018-01-09 17:58:41
Бишкектик болсо Ошто ачка эмне кылып журот экендер, болгондода жандарына тапанча салышып. Демек булар коптон берки уурулар. Ачка калсанар бироого жалданып иштесенерда курсагынар тоймок. Оной тамакка уйронгон жемкорлор. Кудай озу жазаласын силердейлерди. Тообо кылдым, тообо!
+1
timoha81
2018-01-09 18:43:27
Ачка болуп деп коет,бети жоктор алты саны аман эсен болуп туруп.Шал болуп калсанар болмок
0
i1urp
2018-01-09 22:23:34
Ачка калдык деп калп эле актануу максаты. Досторунан бир кукум нан чыкпаптырбы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан