Волейбол боюнча Өлкө чемпиондугу: 2018-жылкы сезондо командалар 3 лигада ат салышат

Волейбол боюнча эркектер арасындагы Өлкө чемпиондугунун жаңы сезонунда командалар 3 лигада атаандашат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясынын президенти Кылыч Сарбагышев билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылы 3 лига түзүлөт, алар Улуттук Лига, Жогорку Лига "А" жана Жогорку Лига "В".

"Улуттук Лигада 2017-жылы ийгиликтүү оюн жүргүзгөн өлкөнүн 6 мыкты командасы күч сынашат. "А" Жогорку Лигасына дагы 2017-жылдын рейтингине жараша 6 команда кирет. Ал эми "В" Жогорку Лигасында дагы 6 команда болот", - дейт федерациянын президенти.

Айта кетсек, 2017-жылдын жыйынтыгында Улуттук Лигада ойногонго 6 команда жолдомо алган. Алар: Бишкектин "Салам-Алик" жана "Улар" командалары, Ош шаарынын "EREM", "Бажы" жана "Жаңы-Муун" командалары, Ош облусунун "Дархан ОшТУ" командасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
wirintai27
2018-01-09 23:35:28
Качан болот экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан