Бишкекте эки жаран үйгө кирип, ээсин коркутуп акчасын жана уюлдук телефонун карактап кетишти

Бишкекте тургундун үйүнө кирип, 50 миң сом акчасын жана уюлдук телефонун коркутуп алып кетишкен деп шектелип 2 адам кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмыш 7-январь күнү кечки саат 10дор чамасында Бишкектин Биринчи Май районунда болгон. Иликтөө иштеринин жыйынтыгында кылмышка шектүү катары Сокулук районунун 27 жана 20 жаштагы 2 тургуну кармалган.

"Жабырлануучу бизге арыз менен кайрылган. Анда белгисиз 2 адам үйүнө кирип келип телефонун жана 50 миң сомун опузалап алып кетишкен. Анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген", - дейт Оморов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
kechirmeni
2018-01-09 17:10:42
Жаны жылдан баштап карактоолор аябай кобойду го
+3
nurka_85
2018-01-09 17:14:31
Кудай сактасын тообо быйыл эмне эле каракчылар кобойгонбу?
Адал эмгек, мандай тер менен тапканга эмне жетсин...
Ыйман берсин баарыбызга.
+1
tokoev87
2018-01-09 17:16:57
Чёрныйлар чота көтөрүлө баштады окшойт бул бийликтин алсыздыгы
+1
Simels
2018-01-09 17:25:45
Кечоо эле айтып жатпады беле эчтекеден коркпой уйунордо отура бергиле деп.
Бир аз эртереек айтып алган окшойт
+4
medet1983
2018-01-09 17:29:27
Simels,Коркпой отура бергиле деди деп,бейкапар отурган да байкуш.
+1
akylaj97
2018-01-09 18:29:45
Тынч жашай албай калдык го. Ээх. Аябай коркунучтуу азыр. Качан ким кирип келет деп
+1
Bektur.osh
2018-01-09 19:51:09
ааа жаман болуптур а? майли жашайбереличи
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан