Кыргыз лыжачылары Евгений Тимофеев, Тариэл Жаркымбаев кышкы Олимпиада оюндарына жолдомо алышты

Кыргыз лыжачысы Тариэл Жаркымбаев кышкы Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн биатлон боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Левданский бүгүн, 9-январда маалымдады.

Маалыматка ылайык, 2017-жылы Жаркымбаев лыжа менен жарышуу боюнча 5 мелдешке катышкан. Бул мелдештердин жыйынтыктары Олимпиадалык квалификациялык баага кеткен. Алар Бүткүл дүйнөлүк кышкы универсиада, Азия оюндары, Орусиянын ачык чемпиондугу, Италия жана Казакстанда өткөн эл аралык мелдештер.

"Кышкы Олимпиада оюндарында Жаркымбаев кыска аралыкка жарышка чыгат", - деп билдирди Левданский.

21 жаштагы Тариэл Жаркымбаев 2017-жылы өткөн Бүткүл дүйнөлүк кышкы универсиадада өлкөнүн курама командасынын капитаны болгон.

Айта кетсек, бул жылы кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореяда өтөт.

"Ага Кыргыз мамлекети спорттун эки түрү боюнча катышат. Буга чейин Түштүк Кореяда өтө турган Олимпиада оюндарына Кыргыз мамлекетинен жолдомону лыжачы Евгений Тимофеев да алган", - деп кошумчалады Левданский.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Reakciya
2018-01-09 17:44:35
Жонеле койбодуда, баарибир 88, 95-орунда келишет былтыркыдай болушуп.
+1
Isco23
2018-01-09 19:08:39
Reakciya,ушинтпей 88 95 дебей колдосонор боло. Ошонун ордуна озуну коюп корчу. Сен биринчи лыжа тееп алат бекенсин
-4
Dembele84
2018-01-09 18:38:08
Катышып келди атка конот,эч нерсеге илешпешине 100%гарантия берем.
+2
Reakciya
2018-01-09 19:20:38
Dembele84,++++++
Биздин Кыкендерге лыжа, футбол, чуркоо дегендер ысык келет. Эн жакшысы панкратион, кик бокс и кокборулорун кызыта берсе болот. Не зачто акчаларды кетиришип кышкы олимпиадаларга барып журушот, же ал акчалар акталсачы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан