Биз социалдык тармакта

Нарын шаарында хоккей боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө

Нарын шаарында Ташболот Токтосунов атындагы муз аянтчасында хоккей боюнча эл аралык мелдеш өтүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына хоккей федерациясынын вице-президенти Элзар Болотбеков билдирди.

Анын айтымында, эл аралык мелдешке 4 команда катышууда. Анда 2 команда Кыргыз өлкөсүнүн намысын коргосо, 1 команда Казакстандан жана 1 команда Орусиядан келген.

"Мелдеш бүгүн, 9-январда старт алды, эртең жыйынтыкталат. Мелдешке Орусиянын Челябинск шаарынын администрациясынан мэрдин коштоосунда 1 команда жана Казакстандын "Эмгек" командасы келди. Ошондой эле Кыргыз өлкөсүнөн "Ала-Тоо" менен "Ынтымак" командалары катышууда", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан