Өзбекстандык 2 жаран Кыргыз жергесине 6 алтын куймасын мыйзамсыз алып келе жатып кармалды

Өзбекстандан Кыргыз жергесине 6 алтын куймасын мыйзамсыз алып келе жаткан Өзбекстандын эки жараны коңшу өлкөнүн чек арачылары тарабынан кармалды. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Фергана районунун Н.Каримов, А.Тураев аттуу тургундардын ар бири 4 килограмм 700 граммдан болгон алтын куймаларын мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурда кармалышкан. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иши милицияга өткөрүлүп берилген.

Ошондой эле аталган маалыматта алтын куймаларынын ар биринин салмагы 4,7 килограммдан экени жана алардын жалпы баасы 1,5 миллиард сум (болжол менен 13 миллион сом) деп болжолдонуп жатканы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Omuur94
2018-01-10 02:47:58
Каяктан алды экен ааааанча алтынды...
+3
tursunbaev78
2018-01-10 03:03:17
Жалпы 28 килограмм болот экен,граммы 1500 болсо,28 килллогамм алтын 42 миллион сом болот
-2
satiev87
2018-01-10 03:46:49
tursunbaev78 жалпы 9 килограмм 400 грамм болот.
-2
Senator
2018-01-10 05:47:55
satiev87,карасан үкөм алып качпай жөө
+3
Tynybek1989
2018-01-10 06:36:05
Озбектин чек арасында кармалса жакшы а эгер биздин чек арада болгондо откоруп жибермек оздорунун долясын алып калып
+2
Aza17
2018-01-10 06:40:53
Алтын унция м.н сатылат 1унция 31.грамм
4.7кгх4=18.8кг болот 18.8кг÷00.31гр = 606 унция болот азыркы убакытта алтындын 1 унциясы дунуйолук баада 1300 доллор
606унцияны × 1300$ = 787 800 доллор 787 800 х 68 = 53 миллон 570 мин сом.
0
kechirmeni
2018-01-10 08:52:04
Ошончо алтын бироолордун омур бою токкон бешене терлери иштеген акылары болсо керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан