Чүйдө адамдын жансыз денеси табылды (фото нерви жукаларга сунушталбайт)

Чүй облусунун Молдовановка айылында азиат улутундагы адамдын жансыз денеси табылып, анын аты-жөнүн тактоого мүмкүн болбогондуктан Чүй ОИИБи элден жардам сурайт. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Кызматкерлер адамдын жансыз денесин 4-январда Молдовановка айылынан табышкан. Каза болгон киши болжол менен 30-35 курактагы азиат улутундагы жаран экени белгилүү болгон. Маркумдун бою 175-180 сантиметр, арыкчырай, көзү чоң күрөң түстө, оозунда сары түстөгү металлдан жасалган тиши бар.

Кийген кийимдери: футболка, майка, спорттук шым, кара түстөгү бут кийим жана баш кийими да болгон.

Өзгөчө белгилери: оң бутунун арт жагында саптуу бычактын сүрөтү тартылган татуировка, колунун манжасында 8 бурчтуу жылдызча тартылган татуировка жана сол колунда төрт кырдуу сүрөт менен ЭР тамгасы чегилген татуировкасы бар.

Каза болгон адамды таанып, көргөн билгендер болсо төмөндөгү телефон номерлери аркылуу байланышса болот.

Чүй ОИИБинин нөөмөт бөлүмү (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85,
Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмү (0312) 36-35-27, (0700) 67-55-56,
Ыкчам иликтөө тобуна байланышуу (0700) 20-96-66.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Bahira
2018-01-10 09:16:01
Тооба кылдым,мынчаааа мыкачы болуп баратабыыз
+1
akzuura
2018-01-10 09:30:18
Бул куздо каза болгон маркумго?Чоптор жашыл АНАНДА фудболка менен журсо.
+2
Dalil
2018-01-10 09:37:04
Көрүнүшүнөн өзбек туугандардан окшойт.
+6
Kattaldym
2018-01-10 09:41:36
Бычактын сабы менен кантип татуировка тартты экен деп коем.
-2
karakulja
2018-01-10 09:46:46
Охота идёт на волков... Бул дагы ОПГнын мучосу окшойт
+1
Kuyoo_bala
2018-01-10 19:00:07
Жалан эле олду,олтуруп кетти,союп кетти,зордуктап кетти,уруп кетти,олук табылды,тоноп кетти,авария болду,каза болду,асынып алды,боюн таштады,сел журду,жер кочту,кар кочку басып калды,жер титиреди,мушташып кетти,бычактап кетти,атып кетти...Эй Аллахым тообо кылдым...боодо кырсыктан элими озун сакта.Ыйман бер элиме.
+3
Aigerim4545
2018-01-12 19:43:47
көрбөй койсом болмок эми бүгүн уктай алөай чыгамго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан